Биз жөнүндө

Урматтуу достор!

Кыргыз-Япон адам өнүгүү борборунун (KRJC) сайтына киргениңиз үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз!

Баарынан биринчи, Сиздерди KRJCнин ачылыш тарыхы жөнүндө кыскача тааныштырып кетүүбүздү уруксат этиңиздер.

Советтер Союзунун кулаганынан кийин, 1995-жылдын май айында, Япония жана Кыргызстан өкмөттөрүнүн өкүлдөрү жардам берүү Комиссиясында* Япон борборун ачуу жана ал жерде иш жүргүзүү боюнча келишимге кол коюшкан. *Япония өкмөтү жана 12 кайра түзүлгөн Көз карандысыз мамлекеттер тарабынан түзүлгөн Улут аралык уюм.

2003-жылдын март айынан KRJC Проект статусун кабыл алып, JICAнын (Улут Аралык Кызматташтык Япон агенттиги) көзөмөлүнө өткөн.

KRJCнин негизги иш алып баруусу үч багытта жүргүзүлөт:

-       Бизнес курстары

-       Япон тили курстары

-       Япония жана Кыргызстандын ортосундагы маданий жактан бири-бирин түшүнүү программалары.

KRJCнын негизги максаттары:

-       Кыргызстанга базар экономикасына өтүүсүнө көмөк көрсөтүү, гуманитардык ресурстардын өсүү потенциалына жардам көрсөтүү;

-       Кыргыз республикасынын жана Япониянын ортосунда болгон бири-бирин түшүнүү жана достук мамилелерин жакшыртуу.

Биз, KRJCнин коллективи, Сиздерге жардам берүүгө ар дайым даярбыз, болгон бүткүл күчүбүздү жумшайбыз! Сиздин көмөгүңүз үчүн чоң ыраазычылыгыбызды билдиребиз! KRJCнин эшиктери Сиздер үчүн ар дайым ачык!