Новости
2025-жылдын 27-июнунда «Жапон тилиндеги презентация жана маданий алмашуу» аттуу иш-чара өттү.
Бул жолу катышуучулар «Жаккан чыгармам» темасында презентацияларды даярдашты.
Түркүн түстүү жана кызыктуу презентацияларды жапон тилин үйрөнүп жаткан студенттер жана Жапониядан келген коноктор көрсөтүштү.
Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө ар кандай деңгээлдеги жапон тилинде сүйлөгөн студенттер жапондор менен баарлашып, өздөрүнүн сүйүктүү чыгармаларынын жөнүндө тууралуу айтып берип, кызыктуу убакыт өткөрүштү.
KRJC мындай иш-чараларды мындан ары да өткөрүүнү пландап жатат — жаңылыктарыбызды көз салып туруңуз жана сөзсүз түрдө кошулуңуз!
Дарек: Турусбеков көчөсү, 109, КМУ, 7-корпус, 2-кабат
Кошумча маалымат үчүн байланыш номери: 0312 90 65 80